Милдеттенмелер айкалышкан темаларга – жалпысынан өкмөткө таасир этүүчү маселелерге жана конкреттүү түрдө айрым министрлик менен ведомстволордун ишине тиешелүү өзүнчө темаларга бөлүнгөн.
1. МААЛЫМАТКА ЖАНА АЧЫК МААЛЫМАТКА ЖЕТҮҮ
Маалыматка жетүү: бул бөлүм маалыматка жетүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу жана аткаруу маселесин карайт.
Ачык маалыматтар: маалыматтарды ачыктоо, андан биргелешип көп ирет колдонуунун жеткиликтүү болушун камсыздоо аркылуу өкмөт маалыматтуу дебаттарды өткөрүү, чечим кабыл алууну жакшыртуу жана жаңы инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө шарт түзөт. Бул бөлүм өкмөттүк маалыматты кайрадан бөлүштүрүүгө, эркин колдонууга жана кайталап пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген саясатты, процесстерди, технологияларды ачып берет.
Ачык маалыматтар – бул алар бардык жарандар үчүн өздөрү каалагандай пайдалануу жана жарыялоо, автордук укук, патенттер же көзөмөлдүн башка механизмдеринин негизинде чектөөсүз жарыялоо үчүн эркин жеткиликтүү болушу керек деген идея болуп саналат. «Ачык Өкмөттүк маалыматтар» деп мамлекеттик сектор жөнүндөгү коомчулукка жеткиликтүү болгон маалыматты айтышат. Өкмөттөр жана алардын подрядчиктери күнүмдүк ишмердүүлүгүндө көп сандаган жогорку сапаттуу маалыматтарды топтошот. Эреже катары, бул мамлекеттин мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы иштешүүнү түзүмдөөгө жана бир нукка алып келүүгө кудуреттүү болгон маалыматтардын таасирдүү монополистине айлануусуна алып келет. Бул бир жактуу өз ара иштешүү кымбатка турат жана жарандардын муктаждыктарына кайдыгер болуу менен өкмөттүн ишин да ашыкча чектеп коет.
Өкмөттүк маалыматтарды ачыктоо саясатты да, техникалык аспектилерди да камтыйт. Эгер өкмөттүн маалыматтарын ачыктасак, бул зор пайдалардын жаралышына өбөлгө боло алат:
Ачык-айкындуулук: жакшы иштеген, демократиялуу коомдо жарандар алардын өкмөтү эмне менен алектенип жаткандыгын жакшы билиши керек. Бул үчүн аларга өкмөттүк маалыматтар эркин жеткиликтүү болуп, бул маалыматты талдоого жана башка жарандарга таратууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Натыйжалуулук: ар кыл ведомство менен агенттиктердин ортосунда маалыматты издөө, талдоо жана бириктирүү ишин жөнөкөйлөтүү аркылуу өкмөттүн ичиндеги координациялоону жана натыйжалуулукту арттыруу мүмкүнчүлүгү.
Инновациялар: санариптик доордо маалыматтар – коомдук жана коммерциялык ишмердүүлүк үчүн негизги ресурс болуп саналат. Автобуска түшүүдөн тартып дарыгерди табууга чейинки иш-аракеттин бардыгы маалыматтын жеткиликтүү болушуна көз каранды. Ал эми маалыматтын басымдуу бөлүгү өкмөт тарабынан жаралып же сакталат эмеспи. Маалыматтарды ачыктоо менен өкмөт социалдык жана коммерциялык жактан баалуу болгон инновациялык бизнести жана кызмат көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жардам бере алат.
Маалыматка болгон укукту жөнгө салган мыйзамдар, мамлекеттик актылар жана ченемдер көп болгон жерде http://www.opengovguide.com/topics/right-to-info/ өкмөттүк маалыматты алуудан мурда ага суроо-талап менен кайрылуу зарылдыгы бар. Ачык маалыматтар менен иштеген өкмөт алдын ала эле маалыматты ачыктайт дегендик – өкмөттүк маалымат топтолоору менен ага суроо-талап коюла электе эле аны жарыялоо дегенди билдирет. Башкача айтканда, ачык маалыматтын маани-маңызы өкмөттүк маалыматтын маалыматтарды жарыялоо үчүн конкреттүү форматтарды эске алуу менен жеринен эле ачык болушу керектигинде турат. Ачык форматтар түзүмдөлгөн жана патенттелбеген мүнөздө болушу керек, бул коомчулукка жана өкмөткө маалыматтан азыркы тапта жана келечекте болушунча пайда көрүүгө мүмкүндук берет.
Бүткүл дүйнөдөгү Өкмөттөр ачык маалыматтар демилгесин ишке ашыруу, анын ичинде келечекте күтүлгөн муктаждыктар үчүн өкмөттүн ишинин айкындуулугун жана отчет берип туруусун жогорулатуу, жарандар үчүн жаңы санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана тиркемелерди түзүүгө дем берүү, ачык маалыматтын экономикалык дараметин толук ачып берүү жана азыркы таптагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн көптөгөн себептер бар экендигин белгилешет. Өкмөттүн бул кызыкчылыгынын басымдуу бөлүгү жаңы мүнөзгө ээ болгону менен көптөгөн кесипкөй адистер менен коомчулуктар, анын ичинде өкмөттөгү чиновниктер, журналисттер, иштеп чыгуучулар, реформаторлор, идеянын тарапташтары жана кызыкдар болгон жарандар бул маселе боюнча диалогго, саясатка жана өнүгүүгө тартылган.
2. БИЙЛИК БУТАКТАРЫ
Соттук ачык-айкындуулук: Бул бөлүм сотту жана анын курамындагы судьялар менен соттордун түйүндөрүн бийликтин бутагы катары карайт.
Мыйзамдык ачык-айкындуулук: бул бөлүм бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ачык-айкындуулугун жана анын ишмердүүлүгүнө катышууну, анын ичинде мыйзамдык чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындыгын жана мыйзамчылардын отчет берип туруусун камтыйт.
3. ЖАРАНДАРДЫН ӨКМӨТ МЕНЕН ИШТЕШҮҮСҮ
Электрондук өкмөт: бул тема электрондук өкмөттүн маалыматтык тутуму же механизми ачык-айкыныраак, отчет берип туруучу, калктын кеңири катмарын катыштырууга умтулган өкмөттү колдогон ыкмаларын камтыйт.
Электрондук петициялар: бул тема коомчулукка өкмөткө петиция менен кайрылып, кайсы бир маселе боюнча иш-аракеттерге чакырууга мүмкүнчүлүк берген электрондук шаймандарды камтыйт.
Кайра байланышуу циклдери: Коомчулукка өз салымын кошууга, ал эми кызматтагы адамдарга өкмөттүн ишмердүүлүгүнө карата айтылган ой-пикирлерди угууга жана жарыялоого мүмкүнчүлүк берген форумдар (расмий же расмий эмес), механизмдер жана процесстер менен байланышкан милдеттенмелерди билдирет. (Бул милдеттенмелер киргизүү, угуу жана жооп берүү элементтерине ээ болушу керек).
Лоббирлөө: саясат жана лоббирлөөгө таасир эткен иш-аракеттер, башкача айтканда, мамлекеттик кызматтагы адам менен мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына таасир берүү максатында түзүлгөн, башкарылган же багытталган каалагандай тикелей же кыйыр байланыш.
Маргиналдык коомдоштуктар: бул тема, кеңири мааниде алганда, курамына өз тарыхында басынтууларга дуушар болгон топтор кирген салттуу маргиналдашкан топторго тиешеси бар же аларды кучагына алган факторлорду камтыйт.
Коммерциялык эмес уюмдар: жарандык коомду / коммерциялык эмес / ыктыярдуу / үчүнчү секторду, анын ичинде маданият чөйрөсүнүн уюмдарын камтыйт. Мисалы, бейөкмөт уюмдары үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча чектөөлөр ушул темага тиешелүү болот.
4. ШАЙЛООЛОР ЖАНА САЯСИЙ КАРЖЫЛОО
Демократиялык шайлоолор кайсы өлкөдө болбосун эки негизги функцияны аткарышат: эл ал аркылуу башкаруу боюнча ыйгарым укуктар кимге ыйгарылышы керектиги жөнүндө өз эркин билдире ала турган каражатты камсыздоо; өкмөттүк бийлик үчүн болгон атаандаштыкты тынч жол менен чечүү. Демократиялык шайлоолор аркылуу жарандар кызматтагы адамдарды өз иштери туурасында отчет берип турууга мажбурлап, шайланууга умтулгандарды жоопко тартууга убада беришет.
Өкмөттөрдүн жалпы жана теңдеш шайлоо укуктарына негизделген чыныгы шайлоолорду уюштуруу боюнча милдеттенмеси жарандардын мамлекеттик жана коомдук иштерге катышуу укугу менен айкалышат. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 21-беренесинде <http://www.un.org/en/documents/udhr/> (UDHR) өкмөттүн бийлиги элдин мезгил-мезгили менен өткөрүлгөн жана чыныгы шайлоолордо билдирген эркине таяна тургандыгы белгиленген. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (ЖСУЭП) 25-беренесинде өкмөттүн чыныгы шайлоолордо ар бир жаранга эч кандай басмырлоосуз же негизделбеген чектөөсүз добуш берүү жана шайлануу укугу менен мүмкүнчүлүгүн берүү милдеттенмеси жөнүндө сөз кылынган. <http://www.ohchr.org/en/professionalinterest/pages/ccpr.aspx> (ICCPR)
Жарандар шайлоого катышууга гана укуктуу болбостон, шайлоо процесси чындыгында эле анык жана коррупциядан эркин экендигин билүүгө укуктуу. Маалыматка болгон укук шайлоо укуктарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анткени негиздүү тандоо жасоо үчүн зарыл болгон маалыматсыз шайлоого аң-сезимдүү катышуу мүмкүн эмес. Шайлоо процесси жөнүндө маалыматка жетүү, анын ичинде өкмөттөгү шайлоолор жөнүндө маалымат, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин шайлоо контекстинде жоопкерчиликти орнотуу үчүн жасаган кадамдары коомчулуктун шайлоонун бүтүндүгүнө жана шайлоонун натыйжасында түзүлгөн өкмөткө болгон ишеними жана аны бекемдөө үчүн негиз салуучу мааниге ээ болуп саналат.
Чыныгы шайлоолор мамлекеттик мекемелер менен кызматкерлердин саясий калыстыгын, мыйзам алдындагы теңчилик менен мыйзамдын бирдей коргоого алуусу сакталышына чечкиндүү көзөмөл кылууну кепилдеген административдик чараларды талап кылат.
Эгер эл жарандардын шайлоо процесстерине зомбулуксуз, коркутуусуз, саясий өч алуусуз жана башка мажбурлоо формалары колдонулбастан катыша ала тургандыгына ынанбаса, - жана добуштар туура саналып, таанылат деп эсептебесе, - бул тоскоолдуктар шайлоого катышууга жана шайлоо мандатына болгон ишенимге доо кетирип коюшу мүмкүн. Эгер шайлоодогу атаандаштар шайлоого зыянсыз катыша ала тургандыгына жана укуктук жардамдын жеткиликтүү болушуна, анын ичинде саясий укуктарынын бузулушунан натыйжалуу коргоо каражаттары болушуна ишенбесе, алар катышуудан баш тартып коюшу же саясий зомбулук сыяктуу “өзүнө өзү жардамдашуу” формасын тандап алышы ыктымал.
Демократия бекем орногон жана административдик калыстык менен натыйжалуулукка болгон коомдук ишенимди колдогон өлкөлөрдө да көп учурда курч карама-каршылыктар жаралып турат. Ал гана эмес, шайлоолорго байланышкан көйгөйлөр олуттуу болуп, ачык-айкындуулук камсыздалбаса, бул өкмөткө болгон коомдук ишенимге олуттуу зыян келтириши ыктымал, ал эми аны кайсы өлкөдө болбосо калыбына келтирүү оңой эмес. Бул жагдай өкмөттүн стабилдүүлүгү үчүн маанилүү болгон кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Шайлоо кампаниялары менен саясий каржылоонун өсүп бараткан аренасы да шайлоонун адилеттүүлүгү үчүн маанилүү болуп саналат. Акчанын саясаттагы ролу орчундуу, ал жеке адамдарданбы же корпорацияларданбы, легалдуу булактанбы же уюшкан кылмыштуу топтонбу – баары бир шайлоодо атаандаш болуп жаткандарга таасири күч болот. Айталы, атаандаштардын электорат ичинде маалыматтарын канчалык кеңири тарата алышына, алар башка уюштуруучулук аракеттерин кантип өнүктүрө тургандыгына, өкмөттүн курамына кирсе, функцияларын кандайча аткара тургандыктарына таасир эте алат (Transparency International, 2013; Öhman and Zainulbha, 2009; International IDEA, Саясий каржы боюнча маалымат базасы, Open Congress, International Literaign Finance Literature Review). Акчанын саясатка таасирин кантип көзөмөлгө алуу керектигине, анын ичинде позитивдүү аспектин өнүктүрүп, терс таасирин көзөмөлдөп, ага каршы туруу ишине барган сайын көбүрөөк көңүл бурулууда.
5. КАРЖЫЛЫК АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК
Жарандардын бюджети: карапайым жарандарга түшүнүктүү болгудай кылып жөнөкөйлөтүлгөн бюджеттик документтерди жарыялоо үчүн иш-чаралардын топтому.
Каржылык ачык-айкындуулук: бул тема мамлекеттик бюджеттер менен мамлекеттик каржылар жөнүндө көбүрөөк маалыматты коомго жеткиликтүү кылууга багытталган каалагандай ишмердүүлүктү же процессти камтыйт.
Бюджетти / фискалдык саясатты көзөмөлдөө: мыйзам чыгаруу бийлигинин бюджет менен каржылык отчетторду бекитүү, мониторинг кылуу жана талдоодогу ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүнө карата, Аудит боюнча жогорку органдын, ошондой эле Акыйкатчынын фискалдык маалыматтын элге жеткиликтүү болушун кароодогу / камсыздоодогу бардык ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү камсыз кылган каалагандай көз карандысыз каржы институттарынын милдеттенмелери. Бул ошондой эле өзүнө каалагандай социалдык аудитти да камтый алат.
Катыштыруу менен бюджеттөө: бул тема бюджеттик процессти жөнөкөй тилде түшүндүрүү жана жарандарды аларга тиешеси бар болгон бюджеттик чечимдерди кабыл алууга тартуу боюнча аракеттерди камтыйт.
Коомчулуктун бюджеттик / фискалдык саясатка катышуусу: бюджеттөө циклынын же фискалдык полициянын каалагандай этабындагы коомдук / тышкы тараптар менен расмий түзүмдөрдүн, кызмат адамдарынын ортосундагы түздөн-түз иштешүү боюнча милдеттенмелер.
6. СОТ АДИЛЕТТИГИ, МАМЛЕКЕТТИК КООПСУЗДУК ЖАНА МЫЙЗАМ ҮСТӨМДҮГҮ
Укук колдонуу жана сот адилеттиги: бул темада укуктук талаш-тартыштарды адилет чечүү, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адилеттүүлүгүн камсыздоо механизми каралат.
Коомдук коопсуздук: аскерий эмес органдардын ички полициялык кызматтарынын функцияларын, мисалы, мамлекеттик менчикти коргоо жана коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо функцияларын камтыйт.
Коомдук коопсуздук жана көзөмөлдөө: бул тема полицияны, коомдук тартипти жана мамлекеттик көзөмөлдөөнү камтыйт.
7. ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮ
Өнүгүү: бул темада ачык өкмөттү экономикалык өнүгүү менен байланыштырган жолдор каралат.
Айлана-чөйрө жана климат: “климатка”, “климатка ыңгайлашууга” же “климаттын туруктуулугуна” түздөн-түз тиешеси бар милдеттенмелерди, ошондой эле курчап турган айлана-чөйрөнү жөнгө салууга, ага мониторинг кылууга жана коргоого / сактоо боюнча чара көрүүгө таасир эткен милдеттенмелерди камтыйт.
Кен казуу өнөр жайы: жаңылануучу жана жаңыланбоочу жаратылыш ресурстарын казып алууга жана башкарууга байланышкан милдеттенмелерди (пайдалуу кенди казып алуу, токой чарбачылыгы, балык кармоо чарбачылыгы ж.б.), ошондой эле буларга айкалышкан тармактарды да камтыйт.
Жер жана аймактык пландоо: жер пайдаланууга, менчик укуктарга же аймактык пландоого тиешеси бар милдеттенмелер. Мамлекеттик же жеке жер жана суу укуктарын да камтышы мүмкүн.
Жаратылыш ресурстары: бул тема жаратылыш ресурстарын, анын ичинде жерди, сууну, казып алынуучу отунду жана пайдалуу кенди казып алууну, пайдаланууну жана башкарууну камтыйт.
8. КООМДУК БҮТҮНДҮК ЧАРАЛАРЫ
Коррупцияга каршы институттар: бул тема коррупция көйгөйлөрүн жана ага каршы күрөшүүнүн идеяларын, мыйзамдарын жана институттарын чагылдырат.
Активдерди ачыктоо: активдерди ачыктоо жана кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзамдар мамлекеттик сектордогу паракорчулукка, өз ара келишип алууга жана патронажга каршы кармап калуучу, токтотуучу фактор катары кызмат кылышат. Бул тема мамлекеттик кызмат адамдарынын кирешелери менен активдерин ачыктоочу, ошондой эле ушул эрежелердин сакталышын камсыздоочу тутумдарды камтыйт. Чиновниктер ээлеген мамлекеттик кызматын жеке пайдасы үчүн колдонсо, бул институттардын ишин бүлдүрөт, жарандарды негизги кызмат көрсөтүүлөрсүз калтырат, экономикалык өнүгүүгө бут тосот. Кызыкчылыктар кагылышы кызматтагы адам ээлеген мамлекеттик кызматын жеке өзүнүн же башка жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн колдонгонго мүмкүнчүлүгү болгон учурда жаралат. Бул ушундай туура эмес жүрүм-турум болушу ыктымал экендигин гана көрсөтөт, сөзсүз эле болот дегенди билдирбейт. Ошентип, реалдуу же ыктымалдуу болгон этикасыз жүрүм-турум тобокелдигин азайтуу үчүн эрежелердин, колдонмолордун жана укуктук колдонуунун жөнгө салуучу режими зарыл болуп саналат. Жүрүм-турум кодекстери менен жоболор адатта төмөнкү жааттарды камтыйт:
1. Жогорку кызматтагы адамдын активдери менен иштиктүү операцияларын кеңири коомчулук алдында ачыктоо үчүн Активдерин ачыктоону талап кылуу
2. Кызыкчылыктар кагылышын аныктоо жана аны башкаруу, мамлекеттик кызматтагы адамдардын чечимдери жеке кызыкчылыктардын мыйзамсыз таасирине кабылып калбашын камсыздоо үчүн Кызыкчылыктардын кагылышы боюнча эрежелер менен сунуштамалар
3. Адамдардын мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда которулуусунун натыйжасында жаралган кызыкчылыктар кагылышын болтурбоо үчүн Тегеренген эшиктер эрежеси
4. Мамлекеттик кызматкерлерге кандайдыр бир жеңилдик алуу үчүн буюм-тайым же баалуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, саясатка таасир этүүгө аракет кылгандардын кызыкчылыктарына тоскоолдук кылган Белектер жана меймандостук эрежелери.
Маалыматты ачыктоо коомдук бүтүндүктү бекемдөөнүн жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуучу кубаттуу шайман боло алат. Негизи, Өкмөттөр жүрүм-турумдун белгилүү бир түрлөрүнө толук кандуу чектөөлөрдү киргизе алат. Ошентсе да көп учурларда аларды кызыкчылыктардын кагылышына мониторинг кылуу жана чечүү үчүн каражаттарды камсыздаган, ошондой эле мыйзамсыз байлык топтоону аныктоого жана болтурбоого кызмат кылган маалыматты ачыктоо менен толуктап турушат.
Алардын жардамы менен активдер жөнүндө маалыматты ачыктоо жана кызыкчылыктар кагылышын жөнгө салуу иши коомдук бүтүндүктү күчтөндүргөн көптөгөн жолдор бар. Алар мамлекеттик кызматта этикалуу жүрүм-турум боюнча так эрежелерди жана сунуштамаларды берүү жана ылайыктуу этикалык жүрүм-турум стандарттарын орнотуу менен бүтүндүүлүк маданиятын калыптандырышат. Маалыматты ачыктоонун аркасы менен көбүрөөк ачык-айкындуулукка жетишүү мамлекеттик кызматтагы адамдарга алардын жүрүм-туруму текшерүүдө экендигин эскертип туруу менен аларды этикага жатпаган жүрүм-турумдан сактоонун кубаттуу каражаты болуп саналат. Андан тышкары, кыянаттык иштер менен коррупцияны аныктоо үчүн баалуу булактарды бере алышат (Дүйнөлүк банк, 2013-жыл). Ылайыктуу режимди иштеп чыгууга бирдиктүү мамиле жок. Өкмөттөр үчүн көп учурларда маалыматты ачыктоо тутумунан көрө толук кандуу чектөөлөрдү колдонуу жеңил, бул өзгөчө өкмөттүк дарамет же ресурстар жетишпеген жагдайларда актуалдуу болуп саналат. Ошентсе да кирешелер менен активдер жөнүндөгү маалыматты ачыктоо барган сайын көбүрөөк колдонулууда, ал эми иштин көлөмү да көбөйүп баратышы жаңы принциптердин топтому жаралгандыгынан кабар берип, ал маалыматты ачыктоонун ишенимдүү жана натыйжалуу чараларын кабыл алууга умтулган өкмөттөрдүн кароосуна коюлушу мүмкүн экендигин көрсөтөт.
Аудит жана көзөмөл: бул тема өкмөттөгү ички отчет берип туруучу жана көзөмөлдөө органдарын камтыйт.
Кызыкчылыктар кагылышы: бул тема мамлекеттик кызматкерлердин жеке пайдасы алардын мамлекеттик чечимдерине таасир этиши ыктымал болгон кызыкчылыктар кагылышын алдын алууну же аныктоону камтыйт.
9. МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР
Ачык контракттар жана сатып алуулар: мамлекеттик органдын атынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу. Мамлекеттик сатып алууларга, контракттарга же ачык контракттарга байланышкан милдеттенмелер ушул категорияга кирет. Андан тышкары, бул категорияга мамлекеттик мекемелердин сатып алуулар боюнча ачык-айкындуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган милдеттенмелер кирет.
Мамлекеттик сатып алуулар жана контракттар: бул тема өкмөт товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алып, контракттарга кол койгон процесстердин ачык-айкындуулугун жана отчет берип туруусун камтыйт.
10. ЖАРАНДЫК ИШТЕШҮҮ
Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык мейкиндик: бул тема бейөкмөт уюмдар жана жарандык коомдун уюмдары мүмкүнчүлүктөргө жана иш-аракеттер эркиндигине ээ болушкан жарандык мейкиндик үчүн коркунучтарды жана жакшыртууларды камтыйт.
Коомчулуктун катышуусу: бул тема жарандардын мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуусунун ар кыл көйгөйлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларын камтыйт.