OGP жетекчилиги
Эл аралык деңгээлде OGP Өнөктөштүгүнө Жетектөөчү комитет көз салат. Ал өкмөттөр менен жарандык коомдун уюмдарынын бирдей сандагы өкүлдөрүнөн турат, бул – жарандык катышуунун максаттарын ишке ашырган уникалдуу модель болуп саналат. Ротация принциби боюнча алмашып турган жетектөөчү топ да эки сектордон турат жана курамына өкмөттөрдүн атынан эки теңтөрага, жарандык коомдун атынан эки теңтөрага кирет.
OGP КОЛДОО БӨЛҮМҮ
OGP Колдоо бөлүмү – Жетектөөчү комитет менен «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн максаттарын илгерилетүү максатында тыгыз кызматташтыкта иш алпарган чакан, туруктуу катчылык. Колдоо бөлүмү OGP тышкы байланыштарын башкаруу, институционалдык эс тутумду сактоо, OGP Өнөктөштөрү менен уюштуруучулук мамилелердин үзгүлтүксүз болушунун кепилдигине жана мүчөлүктү кеңейтүүгө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн. Колдоо бөлүмү өкмөттөр менен жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы бейтарап үчүнчү жак катары кызмат кылуу менен OGP тарабынан алардын ортосундагы жемиштүү тең салмактуулукка колдоо көрсөтүлүшүн камсыздайт.
ЖАРАНДЫК КООМ
OGP өкмөттөр менен жарандык коомдун уюмдарын улуттук да, эл аралык да деңгээлдеги чыныгы өнөктөштөр катары жакындаштырат. Улуттук деңгээлде өкмөттөр жарандык коомдун уюмдары менен OGP иш-аракеттеринин улуттук планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында иштешет. Өлкөлөр механизмди өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы азыркы таптагы диалог жана кызматташтык үчүн институционалдаштырышы зарыл. OGP Өнөктөштүгүндө Жарандык Коомду Тартуу боюнча Көз карандысыз команда (CSE) OGP Өнөктөштүгүнө катышуу үчүн өзгөчө улуттук деңгээлде күчтүү жарандык коомдун түйүнүн түзүү, кеңейтүү жана күчтөндүрүү боюнча иш алпарат. CSЕ жарандык коомдун улуттук акторлорун аларга OGP процессин жакшыраак колдонууга, анын ичинде OGP иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, аткаруу жана ага мониторинг кылуу – өздөрүнүн эдвокаси милдеттерин чечүү максатында колдоого алат.
ОТЧЕТТУУЛУКТУН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ МЕХАНИЗМИ (IRM)
(IRM) Отчеттуулуктун Көз карандысыз Механизми – ал аркылуу бардык кызыкдар болгон тараптар OGP катышкан өлкөлөрдүн илгерилешин көрүүгө мүмкүндүк алган негизги шайман болуп саналат. IRM OGP Өнөктөштүгүнө катышкан ар бир өлкө үчүн ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө эки жылдык көз карандысыз отчетторду түзүп турат. Ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор өкмөттөр OGP иш-аракеттер планын кантип иштеп чыгып жана аткарып жаткандыгын, ошондой эле ачык өкмөт принциптерин ишке киргизүү прогрессин баалашат жана ишти өркүндөтүүгө арналган техникалык сунуштамаларды беришет. Бул отчеттор диалогго дем берип, мүчө-өкмөттөр менен жарандардын ортосундагы отчет берип туруучулукка көмөктөшүүгө арналган.