«Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү (OGP) – өкмөттөрдүн ачык-айкындуулукту камсыздоо, жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупция менен күрөшүү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу боюнча милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге болуп саналат. OGP ишмердүүлүгүнө өкмөттөр менен жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган Жетектөөчү комитет көп тараптуу кызматташтык деми менен байкоо салып турат.
OGP Өнөктөштүгүнө мүчө болуу үчүн өлкөлөр жогорку деңгээлдеги «Ачык Өкмөт» Декларациясын кабыл алып, коомдук кеңешүүлөрдү өткөрүү менен иштелип чыккан иш-аракеттер планын берип, аны аткаруунун илгерилеши жөнүндө көз карандысыз отчет берип туруу милдеттенмесин мойнуна алышы керек.
«Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү 2011-жылдын 20-сентябрында 8 негиздөөчү-өлкө (Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппин, Түштүк Африка, Бириккен Королчулук жана Кошмо Штаттар) «Ачык Өкмөт» Декларациясын кабыл алып, өз өлкөлөрүнүн иш-аракеттер планын жарыялаган мезгилде жаралган. 2011-жылдан тартып OGP Өнөктөштүккө кошулган дагы 67 өкмөттүн милдеттенмелерин кабыл алуусун колдоду.
OGP мүчөсү болгон 78 өлкө менен 20 субулуттук өкмөт жалпысынан 2,500гө жакын милдеттенмени моюнуна алды. Бул болсо алардын өкмөттөрүнүн ишинин ачык-айкындыгын жана отчет берип туруусун арттырмакчы.
Жергиликтүү OGP Local программасы
Жергиликтүү OGP Local программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бүткүл дүйнөдөгү жарандык коомдон чыккан өнөктөштөр тарабынан көрсөткөн инновацияларды жана кызматташууну пайдаланууга багытталат. OGP жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагыдан дагы ачык, инклюзивдүү жана кайрымдуу болуулары үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомду бириктирүүчү платформа болуп саналат.
Эмне үчүн OGP жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштейт?
Улуттук деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарына караганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кишилерге жакыныраак, жарандардын күнүмдүк жашоолоруна түздөн-түз таасирин тийгизишет. Шаарлардагы калктын санынын өсүшү менен кызматтарга талап жана жергиликтүү деңгээлдеги бийликтин эффективдүү жана оперативдик органдарына болгон муктаждык да өсүүдө. Улуттук деңгээлдеги өкмөткө караганда ЖӨБО ийкемдүүрөөк жана алар ар дайым өз кызматтарын сунуштаган кишилеринин жанында жайгашышат. OGP Local программасынын жардамы менен алардын таасири мурункудан да орчундуу болуп калат. Бирок кээде алардын ресурстары жеткиликтүү эмес жана буга байланыштуу колдоого көбүрөөк муктаж болушат.
Мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде ишке ашып жаткан Ачык Өкмөттүн демилгелерин кеңири баяндоо «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө жергиликтүү гана эмес, улуттук дагы өкмөттөргө жакшыраак кол кабыш кылууларына жардам берет. Ачык Өкмөттүн көпчүлүк инновациялар жана реформалары жергиликтүү деңгээлде ишке ашат, жана OGP Local программасы өкмөттөрдүн жарандарынын алдында мурункудан дагы ачык, отчет бере тургандай жана кайрымдуу болуулары үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салууга көмөктөшөт.